News image
24.02.2020 07:50

Кыргызстандыктар кышкы эс алуусун же жайкы каникулдарын кантип өткөрөт? Кайсы өлкөгө барып эс алганды жактырышат? Чет мамлекетке саякатка чыккандардын саны өстүбү жана биздеги турпакеттердин баасы чынында эле арзанбы? Мына ушул суроолордун тегерегинде, Кыргызстандын туризм ассоциациясынын мурунку жетекчиси, учурда “Travel Shop” туристтик агенттигинин директору  Талант Токталиев  менен маектештик.

Талант мырза туризм тармагында иш алып барганыңызга канча убакыт болду? 

-Мен өзүм 2008-жылдан бери туризм тармагындагы иштер менен алектенип келем. Ошондой эле Кыргыз экономикалык университетитинде туризм боюнча дарс да окуйм. Ал эми “Travel Shop” туристтик агенттиги тууралуу айтсам, бул 2014-жылы негизделген бренд. Негизи буга чейин да бир катар турагенттиктерибиз бар болчу. Бирок, “Travel Shop” Мадридден алынган эл аралык аккредитациясы менен өзгөчөлөнөт. Мунун натыйжасында биз бир катар эл аралык деңгээлдеги турагенттиктердин филиалын Кыргызстанда ачууга жетиштик. Мындан сырткары Кыргызстандагы башка турагенттиктердин ишин жеңилдетүү максатында Amadeus, Sabre, Galileo, Gabriel (SITA.GDS — Global Distribution System) системаларын “IZI BOOKING” деген долбоорубузга бириктирип, алардын арзан туристтик билеттерди брондоосуна шарт түздүк. Дагы бир чоң долбоорубуз  “Global Travel Space”. Бул долбоор кыргызстандыктар үчүн “динамикалык пакеттер” кызматын сунуштайт. Негизи бул нерсе Кыргызстанга азырынча келе элек. Бирок биз долбоорду ишке ашырсак, кыргызстандыктар карта менен дүйнөнүн бардык булуң-бурчуна арзан турларды сатып алуусуна шарт түзөт. Банк системасындагы айрым көйгөйлөрдөн улам, ишке ашыруу кечеңдеп келген. Буюрса ушул жылы “Global Travel Space” долбоорун да ишке киргизебиз.

-“Travel Shop” туристтик агенттигинин башкалардан айырмачылыгы эмнеде? Мен билгенден Кыргызстандагы бир катар турагенттиктер эс алуу жолдомолорун сиздерден дүңүнөн сатып алышат…

-Биз эки багытта иш алып барабыз. Бизнес өнөктөштөр үчүн жана клиенттер үчүн да турпакеттер сатылат. Тактап айтканда биз туроператор катары турпакеттерди өзүбүз түзүп чыгабыз жана аны башка турагенттиктерге да, кардарларыбызга да сатабыз.

— Туроператор менен турагенттиктин айырмасын кененирээк түшүндүрө кетсеңиз.

-Туроператор бул эс алуу жолдомолорун өзү түзүп чыгат жана бааларды белгилейт. Турагенттиктер ошолорду сатууга көмөктөшөт. Мисалы биздин Түркияга “Даңазалуу доор” аталышындагы турпакеттин баасы 399 доллар турат. Анда жети күндө Түркиянын жети шаарын кыдырганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Эми элестетсеңиз, бул жерде жалпы турпакеттин баасы жадагалса учак билетинен да арзан болуп жатпайбы. Биз буга кантип жетиштик? Түркиянын туризм министрлиги, мейманканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. “Даңазалуу доор” туру мындан 3 жыл мурун башталганда, көпчүлүк ишенген эмес. Түркияга билеттин баасы 400 доллар болуп жатса, силердин 7 күндүк турпакет 300 доллар турабы,-дегендер болгон.  Кээде орун толбой калып, биз өзүбүздүн кызматкерлерди да кошо жибергенбиз.

-Чынында эле, жолдомолор эмне үчүн арзан?

-Биз мейманканалардагы номерлерди алдын ала ээлеп коебуз. Ошондой эле учак билеттери боюнча авиакомпаниялардын “блок орундарын” да алдын ала сатып алабыз. Мындан улам, биздин турпакеттердин баасы арзан жана ыңгайлуу болууда.

-Азыркы тапта Түркияга барып эс алгандардын саны өстүбү анда?

-Ооба мисалы акыркы жылдарды эле алганда Кыргызстандын 10 миңден ашык жараны Түркияга жалаң эс алуу үчүн гана барып келди. Ал эми жакында эле биз Өзбекстанга да турларды уюштура баштадык. Кыска аралыкта 1000ден ашык жаран коңшу өлкөгө саякаттап келди. Эми Тажикстанга да саякат турларын ачууну пландаштырып жатабыз.

-Кыргызстандыктардын чет өлкөгө саякаттоо маданиятын кандай баалайсыз? Жылдан жылга өзгөрүү барбы?

-Ооба, мисалы буга чейин көпчүлүгү Түркияга барып, бир эле шаарында эс алып келүүнү эле кааласа, акыркы убакта саякаттоого көп басым жасалууда. Айрыкча, 40-50 жаштан жогорку жарандарыбыз тарыхий шаарларды көрүүгө көп кызыгышат. Буга Түркиянын “Даңазалуу доор” сериалынын таасири да чоң болду окшойт. Себеби, биздин кардарларыбыздын көпчүлүгү ошол телевизордо көргөдөрүн жеринен барып көрүүгө кызыгуусу жогору. Түркияга жолдомо сурагандардын арасында Кападокия сыяктуу тарыхий жерлерди көрүүнү калаагандар көп.  Мындан улам, биз дагы “Даңазалуу доор” турпакетин даярдап, жети күндө жети шаарды кыдыртууну жолго койдук.

-Кыргызстандыктар кышкы эс алуусун эң көп кайсы өлкөлөрдө өткөрөт?

-Азыр бизде салттуу болуп калган өлкөлөр Түркия, Египет жана Таиланд. Анткени бул өлкөлөргө бизден түз учак каттамдары бар. Мисалы 5-6 жыл мурун Таиландга түз аба каттамы жок болчу. Ошондой эле акыркы убакта Европага саякаттоону каалагандардын да саны өстү.  Андан кийинки орунда Япония, Мальдив аралдары, Индия жана Шри-Ланка өлкөлөрү турат. Ал эми быйыл биз Африка өлкөлөрүнө да саякаттарды уюштурууну көздөп жатабыз. Мисалы Кения, Танзания ж.б.

-Ал эми биздин жарандардын араб өлкөлөрүнө болгон кызыгуусу кандай?

-Араб өлкөлөрүнөн биз азыр Сауд Аравияга Умра сапарларын уюштуруп баштадык. Бирок бул ишке лицензия алуунун машакаты көп, тагыраак айтканда сауд бийлигинен да уруксат алуу зарыл.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

ЖАРЫЯ: Учурда Travel Shop турагенттиги 5-мартка чейин акциянын негизинде 299$ менен "Даңазалуу доор" турун сунуштайт. Толук маалымат үчүн 0(312)(554)(701) 66-21-21 байланышыңыз!